super.kg logo

СУРАМЖЫЛОО: "Урушпай тынч жашайлы", "Алар да чарчайт, түшүнүш керек". Медициналык тейлөөнүн кандай болушун самайсыз?

 

Дарыгердин башкы милдети - бейтапка медициналык жардам кылуу, оорунун чыныгы себебин аныктап, ден соолугун жакшыртуу жана колдоо. Көпчүлүк оорусуна шыпаа таап дарыгерлерге ыраазы болуп кайтышса, кээ бири дарыгерлердин орой мамилесине нааразы болуп, кесиби дарыгер болгондон кийин биринчи көңүлдү дарылоо керек экендигин айтып нааразы.

Дарыгердин маданияты, тейлөө сапаты канааттандырабы? Медициналык тейлөөнүн кандай болушун кыялданат элеңиз? Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын жашоочулары арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдү. Анда борбор калаанын жашоочулары дарыгерлерден көбүрөөк көңүл бурууну, жакшы мамилени каалаары белгилүү болду.

Шаардык ооруканалардын биринде эмгектенген Венера төмөнкүлөргө токтолду.

"Ар жерде ар кандай го деп ойлойм. Өзүм медикмин. Бардыгына бирдей мамиле, тейлөө көрсөтүү керек деп эсептейм. Өзүмдү айта турган болсом бейтап келгенде жылмайып тосуп алам, кайра жылмайып узатам. Эң негизгиси көңүл. Мамлекеттик ооруканалардын негизги көйгөйү бул кезек күтүү деп ойлойм".

Улуттук университетинин окутуучусу Теңдик:

"Көп деле ооруканаларга барбайм. Негизи барганда дарыгерлер жакшы мамиле жасашат".

Чүй облусунун жашоочусу Мирад:

"Дарыгерлердин маданияты ар кандай болуп жатат, жашоо-шартына байланыштуу. Кээ бир жерде начар, кээ бир жерде жакшы. Жеке ооруканалардагы дарыгерлерге барсаң алар маданияттуу болуп жакшы кабыл алышат. Айлык маяналары көбүрөөк болсо керек. Ал эми бюджеттик негиздеги ооруканаларга барсаң айлыктары аз болгонгобу маданияты да бир аз төмөн. Бирок кээ бир жакшы дарыгерлер бар чыныгы маданияттуу десең жарашат. Ар кандай болот экен, бай, кедей дебей бирдей мамиле кылышса...".

Бишкек шаарынын жашоочусу:

"Мен көбүнчө менчик клиникаларга барам. Ал жакта жакшы тейлешет. Бирок мындан да жакшыраак тейлешсе, көңүл бурушса деп каалайт элем".

Бишкек шаарынын жашоочусу Азамат:

"Менин оюмча, биздин дарыгерлерге туура менеджмент жетишпейт, жада калса ооруканадагы кабинеттердин жайгашкан жери да туура эмес. Түшүнүксүз кезектер ушундан улам дарыгерлер менен бейтаптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыгууда".

Бишкек шаарынын жашоочусу Нуркыз:

"Дарыгерлерге биринчи кезекте биз, кардарлары жакшы мамиле кылышыбыз керек. Мындай кыл, тигинт деп талап кылганды гана билебиз. Же айлык маяналары жакшы эмес. Тогуз жыл окушуп аз акчага ушунча иштеп жаткандарына рахмат айтышыбыз керек. Маанайы чөгүңкү учурлары болот, акча жетпейт анан ошондой учурларда жылмайып, жакшы мамиле кыла албай калышса жаман көрүп киребиз. Дарыгерлер да адам, алар да чарчайт. Түшүнүш керек".

Бишкек шаарынын жашоочусу Айдай:

"Эч нерсе айта албайм. Медицина кызматкерлерине ыраазымын. Болгону дайыма жакшы мамиле күтөм. Урушпай тынч жашайлы. Дарыгерлердин айлыгы көп болушун кыялданам".

Буга чейин режиссёр Садык Шер-Нияз социалдык тармактагы баракчасы аркылуу атайын оорукананын кардиология бөлүмүнүн адистеринин орой мамилесине нааразы болуп билдирүү калтырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.03.2021. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы:Мен озум мед айым болуп иштейм азыр убактылуу декреттемин.беш кол бирдей эмес жек мен озум оорулууларды туура тушунуп конулун которуп мамиле кылганга аракетенем бирок ошого карабай бизгеда өтөө орой мамиле кылып сөгүп каргап кеткенда учурлар кездешет бирок биз аларды туура түшүнөбүз себеби жаны ооруп турса деп.ал эми мамлекеттин бизге болгон мамлесине келсек өтө начар деп айтсам болот биринчиден маянабыз өтө аз,балинцаларда шарттар жок,жадагалса форма маска балинсанын ремонтунан
11.03.2021. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ремонтунан бери өзүбүз жаныбыздан акча топтоп жасайбыз.саюз маалында иштегендер айтып калышат жылда санаторяларга көлгө эс алууга жөнөтчүү деп азырда ошентип эс алууга жөнөтүп турса медиктергеда жакшы болмок.айрыкча айлык акы өтө аз.
11.03.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун катасын ондогонго акым жок, бирок медайымдын сабаты окундурду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: