super.kg logo

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев каза болду

 

Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев 81 жаш курагында дүйнө салды. Ал кечээ, 9-мартта каза болгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы ырастады.

Белгилүү болгондой, Нурдамир Конгурбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 11-мартта орун алат.

Нурдамир Конгурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзеде төрөлгөн. Ал 1962-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган.

1971-1985-жылдары Фрунзе сүрөт окуу жайынын директору болгон;

1976-жылы СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

1991-жыл Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган;

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылган.

Нурдамир Конгурбаевдин эмгектери Москвадагы мамлекеттик Третьяков галереясында, Чыгыш жана көргөзмөлөр дирекциясында (Москва), Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жана чет өлкөлөрдө сакталат.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурдамир Конгурбаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: