super.kg logo

Жогорку Соттун аппаратынын кызматкери каза болду

 

Жогорку Соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери Жогорку Сотунун аппаратынын кызматкери Нина Григорьевнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Нина Григорьевна 1939-жылы 2-февраль күнү Орусия федерациясынын Новосибирск облусунун Татарск шаарында туулган.

1959-жылы Алматыдагы темир жол транспорту техникумун аяктаган. Казак темир жолунун Аяхуздагы бөлүмүндө, Трестах «Түрксибтрансстрой» жана «Каратаухимстрой» жана башка уюмдарда иштеген.

Эмгек жолун 1971-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда баштап, ар кандай кызматтарда иштеген.

Нина Григорьевна өмүрүнүн дээрлик 40 жылын соттун аппаратында иштөөгө арнаган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кесиптештери Нина Григорьевнаны боорукер, өз ишин мыкты билген адис жана өлкөнүн жогорку сот органынын аппаратынын баа жеткис кызматкери катары эскерип, жакындарына жана тааныштарына көңүл айтышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: