Эне тилге эки мүнөт: "Этегине намаз окуу" фразеологизминин мааниси
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "Этегине намаз окуу" фразеологизминин маанисине көңүл бурабыз. Себеби эл арасында бул сөз айтылганы менен көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Аталган фразеологизмдин маанисин Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин улук окутуучусу Айгүл Табалдиева айтып берди.
Этегине намаз окуу - бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Мисалы:
- Башкарма боло электе өз агасы Мендирман Шоорук менен Бердибайдын этегине намаз окуган көшөкөрү эле (Түгөлбай Сыдыкбеков).
- Нөкөн менен өмүр шерик болмок түгүл, этегине намаз окууга тура чуркоочуларды жок деп ким айта албайт. (Темиркул Үмөталиев).
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-31

10:10
2025-07-31
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.