super.kg logo

Чүй облусунда Ислам академиясы ачылат

 

Бириккен Араб Эмираттарынын "Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян" атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясы салына баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен аталган фонддун башкы директору Хамад Салем Кардоус Аль-Амерининин жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда биргелешип кызматташуунун, анын ичинде билим берүү тармагынын келечеги, ошондой эле аталган фонддун Кыргыз өлкөсүндөгү ишмердиги тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент учурда Кыргыз өлкөсү үчүн диний билим берүү актуалдуу маселе экендигин жана аны чечүү үчүн комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу талап кылынарын баса белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет башчысы Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулуш долбоорун колдоп бергендиги үчүн Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы фондго ыраазычылыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул долбоор Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча түрткү болоруна бекем ишенерин билдирип, үзүрлүү кызматташууну улантууга кызыкдар экенин айтты.

Фонддун жетекчиси Хамад Салем Кардоус Аль-Амери Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам академиясынын курулушу жөнүндө маалымат берди. Академия үчүн Токмок шаарынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп берилген, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин балансына алынган.

2020-жылы академиянын пайдубалын түптөө пландалган, бирок коронавирус пандемиясынын айынан долбоорду ишке ашырууну кийинкиге жылдырууга туура келген.

Келечектеги Ислам академиясында 200дөй студент окуй тургандыгы, алардын 150сү магистратура жана докторантура программасы менен окушары болжолдонууда. Ошондой эле даярдоо курсу менен квалификацияны жогорулатуу курсуна 50 орун бөлүнгөн.

Бул жогорку окуу жайда диний сабактарды тереңдетип окутуу камтылган светтик билим берүүгө багытталган магистратура жана докторантура программалары боюнча аралаш билим берүү караштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: