Таш-Көмүрдө үч ай ичинде 15 үй-бүлөлүк зомбулук катталды





Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ажырашууларды болтурбоо максатында, ар бир аймактык башкармалыктарда милициянын участкалык талдоосунда турган, көп ичип үйүндө жаңжал салуусу мүмкүн болгон 15 үй-бүлөнүн жашап жаткан жерлерине кыдыруу болуп, түшүндүрүу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаарында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн спирт ичимдиктерин жана тамеки заттарын колдонушуп, көчөдө жүрүп ар кандай укук бузууларга аралашып калуусу боюнча тиешелүү алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
"Белгилей кетсек, Таш-Көмүр ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына 2021-жылдын башынан тартып жалпы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча – 15 учур катталып, анын 12си Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 13 коргоо ордерлери берилген. 1 материал Бузуулар боюнча каралган болсо, 2 учур аймактык караштуулугу боюнча жиберилген", - деп жазылат маалыматта.

