Суу даярдап алыңыз. Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында суу токтотулат
Эртең, 11-мартта Бишкек шаарынын кээ бир жерлеринде оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, саат 09:00дөн кечки саат 6:00гө чейин шаардын Абакан, Белгородск, Кустанай, Тирасполь көчөлөрүнө жана Архангельский кууш көчөсүнө ичүүчү суу берилбейт.
"Оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 11-мартта аталган аймактарга ысык суу менен жылуулук берүүнү убактылуу токтотушу ыктымал. Ал эми 12-мартта саат 10:00дөн тарта Тимур Фрунзе, Гагарин жана Кахов көчөлөрү (Дыйканчылык институтунун аймагы) менен чектешкен аймакта суу жок болот", - деп жазылат маалыматта.
Суу берүү убактылуу токтотула турган мекемелердин тизмеси:
1) "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы;
2) "Бишкек мультсервис" ишканасы;
3) №137 "Счастливая страна" балдар бакчасы;
4) "Нургаз" ЖЧКсы;
5) Дарыгер Бекбоевдин медициналык борбору;
6) Васипов ишканасы (наавайкана);
7) №31 Астраханск балдарды коргоо борбору;
8) №42 мектеп;
9) "Шинкар" дүкөнү;
10) "ГМК Корунд" ЖЧКсы;
11) "Салтанат" кафеси;
12) "Санжыра" чайханасы;
13) "Меридиан" банкет залы;
14) №43 почта байланыш бөлүмү;
15) "Мастер Комп" компьютердик клубу;
16) "Роза" сулуулук салону;
17) "Гранд Плюс" дүкөнү;
18) "Окно Роста" ЖЧКсы;
19) "Азия радуга" кондитердик цехи.

