Сүлүктүдө 2021-жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 5 факты катталды





Баткен облусунун Сүлүктү шаарында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо, аларга карата зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, мектеп мугалимдери менен биргеликте жыйындар уюштурулуп, шаар аймагындагы турак үйлөрдү кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн өспүрүмдөрдүн абалы менен таанышып, тобокел топтогу жана турмуштук оор шарттагы үй-бүлөлөр, профилактикалык каттоодо турган өспүрүмдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.
"2021-жылдын башынан бери Сүлүктү шаарында жалпысынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 5 факты катталды. Анын ичинен 1 факты өспүрүмдөргө карата катталган зордук-зомбулук", - деп айтылат маалыматта.

