super.kg logo

Өкмөт: "Консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кыйла төмөндөтүлдү"

 

Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын чет жакта жүргөн жарандарынын арасында суроо-талап жогору түрлөрүнүн баасы бир кыйла төмөндөтүлдү.

2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүктөрдү тариздөөгө, никеге турууну каттоо жана никелешүү тууралуу күбөлүк берүүгө, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана тариздөөгө, туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө жана нотариалдык аракеттерге болгон баалар төмөндөтүлдү.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: