super.kg logo

Ок кантип чыгарылат? Марипов завод менен таанышып, аны калыбына келтирүү керектигин айтты

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, премьер-министр ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуп, өндүрүштүк цехтер, согуштук жана спорттук мергенчилик максаттарында продукция чыгарууга арналган шаймандардын абалы менен таанышты.

Өкмөт башчысы аскердик өнөр жай ишканаларынын мамлекет үчүн мааниси чоң экендигин белгилеп, заводду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү керектигин кошумчалады.

"Завод 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылат, өндүрүштүк потенциал толук кандуу колдонулбай келет. Бирок завод иштеп жатканы кубандырат. Каржылык мүнөздөгү квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөр бар, бирок натыйжалуу башкаруу чечимдери жана заманбап ыкмалар менен заводду жандандырууга болот", - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү "Defindex-2021" Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-октябрынан 8-октябрына чейин өтөт.

"Көргөзмө биздин өнүмдөрдү жайылтуу жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн мыкты бизнес аянтча гана болуп калбастан, мындан аркы иштөө үчүн байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп сөзүн жыйынтыктады. Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдык ресурстарды жакшыртууга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле каржы маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.03.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ок крг чыгышын Эми билипиин
11.03.2021. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жандантыш керек.Азыр ар бир күн опурталдуу.Кошунанын баары душман.
11.03.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мык да чыкбайт дечумун,ок чыгарсак тузук эле окшойбуз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: