super.kg logo

"Баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн". Москвада наристени мыкаачылык менен өлтүргөн өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова бошотулат

 

2016-жылы Москвада бала багуучу болуп иштеп жүрүп, өзү караган төрт жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган Гүлчехра Бобокулова бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Өзбек жараны "акыл-эси жайында эмес" деп табылгандан кийин Казандагы атайын психиатриялык ооруканага дарыланууга жиберилген. Дарыгерлер интенсивдүү терапиядан кийин Бобокулованын ден соолугу кыйла жакшыргандыгын билдиришкен. Укуктук ченемдик жол-жобого ылайык, ал көзөмөлгө алынып, мажбур түрдө дарыланып турат. Ооруканадан чыккандан кийин Гүлчехра Бобокулова Өзбекстанга депортацияланат.

Эске салсак, 2016-жылы 29-февралда Москвадагы “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн аял кармалган. Кийин ал өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова экени белгилүү болгон. Март айынын башында Бобокуловага адам өлтүрүү боюнча айып тагылган. Тергөөдө шектүү аял бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү айтылган. Бобокулова психология-психиатриялык комплекстүү экспертизадан өткөрүлүп, анын психикалык дарты бар экени аныкталган. Өзбекстандагы жашаган айылдын аймактык милиция кызматкери Гүлчехра Бобокуловага "шизофрения" диагнозу коюлуп, психоневрологиялык диспансерде дарыланганын айтышкан.






Кыргыз жигити Москвада метронун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калды

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
11.03.2021. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омур бою камоо керек
11.03.2021. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Псих болсо камаганга не. Өзбекстанда өздөрүндө психбольницада жатат да эми. Кудай сактасын, псих экенин кайдан билди дейсин байкуш ата эне.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: