super.kg logo

Президенттикке ат салышкан талапкерлердин күрөөгө коюлган акчалары кайтарылды

 

Шайлоочулардын добушунун кеминде 1 пайызын алган президенттикке талапкерлердин күрөөгө коюлган акчалары кайтарып берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 миллион сом шайлоо бүткөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, төмөнкү талапкерлерге кайтарылып берилген: Садыр Жапаров, Мыктыбек Арстанбек, Клара Сооронкулова, Имамидин Ташов, Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Бабур Тольбаев.

Добуштардын 1 пайыздан азын алган башка талапкерлердин жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тарткан талапкердин шайлоо күрөөсүнүн калган суммасы 11 миллион сом республикалык бюджеттин кирешесине которулган.

БШК талапкер катары каттоодон баш тарткандыгына байланыштуу эки талапкерге жана шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу дагы бир талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берген.

Президенттикке талапкерлер кезексиз шайлоого катышып, БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүшкөн. Буга ылайык, БШК президенттин кызмат ордуна талапкерлердин жыйырма биринен 21 миллион сом чогулткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: