super.kg logo

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын үстүнөн арыз жазышты

 

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясын сотко беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканыбызда белгилүү болду.

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү түнкү саат 00:00дөн кийин 5 партиянын документтерин кабыл алдыңар деп сотко беришти. Мыйзамдын негизинде партиялардын документтерин биз шайлоо күнүнө 40 күн калганга чейин, 1-март түнкү саат 00:00гө чейин кабыл алышыбыз керек. Бирок түнкү саат 00:00гө чейин партиянын өкүлдөрүнүн баары документтери менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын имаратына келишкен. Биздин кабыл алып жатканыбыз түнкү саат 12:30га чейин уланып кеткен. Көбүнчө партиялар түнкү 23:00дөн кийин келип, физикалык кезекке кеч келишкен. Бирок факты жактан баары имараттын ичинде болгон. Ошон үчүн коалициянын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссия документтерди туура эмес кабыл алып жатат деп сотко кайрылып жатышат. Бирок анын андай арызданганга, киришкенге укугу жок. Алар аны түшүнбөй БШКга арыз берип жатышат. БШК болсо материалдарды карап жатканда 7-мартта аймактык шайлоо комиссиянын ишине мыйзамсыз киришип жатат деп ошол факты кабыл алып, Ички иштер министрлигине карап чыксын деген чечим кабыл алган. Булар ошондон корктубу, ошол чечимди сотко берип жатышат", - деди Маматов.

Ушул жылдын 11-апрель күнү 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: