super.kg logo

Билим берүү министринин орун басары менен Орусиянын агартуу министринин биринчи орун басары билим берүү жаатында сүйлөшүү өткөрдү

 

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен Орусия Федерациясынын агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушконун жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда бул иш-чара ушул жылдын 25-февралында болуп өткөн Кыргыз өлкөсү менен Орусия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча өткөрүлүп жатканы белгиленген.

"Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын билим алуусунун сапатын арттырууга, ошондой эле окутуучулардын окуу предметтери боюнча квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзө турган билим берүү жаатындагы биргелешкен иш-аракеттердин актуалдуу багыттары талкууланды. Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн Кыргыз өлкөсүнүн мектептери менен өнөктөштүк байланыштардын Орусия Федерациясы тарабынан жакшыртылышынын зарылчылыгы белгиленди. Тараптар бул багыттагы ишти улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ош шаарында Орусиядан келген 29 орус тили мугалими эмгектенүүдө.

“Буга чейин Орусиянын кийинчерээк кыргыз тилине которула турган табигый-илимий жана физика-математика багытындагы предметтер боюнча билим берүү платформаларын пайдалануу ыктымалы тууралуу маселе талкууланган. Бул маселеде биз белгилүү бир макулдашууларга жетишебиз деп ойлойм”, – деди Жусупбекова.

Министрлердин орун басарлары эки өлкөнүн Билим берүү академияларынын ортосундагы мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын (анын алкагында предметтик стандарттар, STEAM (илим, технология, инженерия, искусство, математика) программаларын ишке ашырууга багытталган окуу программалары түзүлөт) иштеп чыгуу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашты. Жолугушууда мектептерди курууга да көңүл бөлүндү", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: