Сак болуңуздар, жолдор тайгак болот. 12-мартка карата аба ырайы
Эртең, 12-мартта түнкүсүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Бирок өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +13…+18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +12…+17;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +15…+17 градус.

