Маршруттук каттамдын айдоочуларына каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир күн эс алып, эртеси күнү жолго чыгуу сунушталды





Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалардын айдоочуларына кайгуул кызматкерлери жеринен жолугуп, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Ош базары", "Аламүдүн" базары, ошондой эле Чыгыш жана Батыш автобекеттердеги Бишкек-Казарман жана башка бир катар каттамдарына каттоочу маршруттук унаалардын айдоочулары менен жеринен жолугуп, жалпы жол транспорт кырсыктарын алдын алуу, аларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
"Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүү учурунда психологиялык жактан даяр жана туруктуу болуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбастан жолдо жүрүүдө үргүлөп, ныксырабай каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир сутка эс алып, эртеси күнү жолго чыгуу сунушталды.
Жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактоо менен тилкеден-тилкеге өтүүдө ылдамдыкты азайтуу керектигин эскертишти. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын, мотор майларын, жарык берүүчү чырактардын оң абалда болуусун белгилеп, жайкы дөңгөлөктөр сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр менен алмашуусун эскертишти", - деп айтылат маалыматта.


Маршрутканын үй бүлөөсүн бала чакасын ким багат. Итак бир күн иштегени бир күнгө жетпей аткан убакта...