Катышкыла, акчалай байге берилет. Ош шаарында "Таза короо" сынагы өтөт
Ош шаарында "Таза короо" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ош шаарынын аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кварталдык комитеттеринин арасында сынак өткөрүлөт.
Сынактын жыйынтыгын чыгаруунун негизги критерийлери:
- бекитилген жер тилкелерин санитардык талапка ылайык таза кармоо;
- бак-дарактарды эгүү жана аны көгөртүү;
- жол боюндагы, короолордун ичиндеги жана сугат арыктарды тазалоо;
- короолордо жайгашкан ар түрдүү тосмолорду (балдар аянтчалары, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы жана башка) сырдоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
- бак-дарактарды кыркып тегиздөө жана актоо;
- көп кабаттуу үйлөрдүн, кварталдарда жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоо, сырдоо, жарнактардын мамлекеттик тилде жазылуусун жана түнкү декоративдик жарыктандыруусун камсыз кылуу;
- көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшик-терезелерин оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү.
Аталган сынактын жыйынтыгы 1-майга чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан белгилүү болот.

