Эртең Жалал-Абадда жаз жарманкеси өтөт

Маалыматка ылайык, жаз жарманкеде шаар тургундары ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн арзан баадагы азык-түлүктөрдү ала алышат.
"Жарманкеде эт, май, ун жана жашылча-жемиш өңдүү негизги керектелүүчү азыктар сатыкка чыгат. Жарманке эртең мененки саат 10:00дө башталып, "Береке" базарында өтөт. Шаар тургундары азык-түлүктү дыйкандар, ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн базар баасынан арзан наркта ала алышат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, азык-түлүк жарманкелери Бишкек шаарында дем алыш күндөрү байма-бай өтүп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:13
2025-07-31

10:10
2025-07-31
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.