super.kg logo

Бишкекте кайгуул кызматы адашып жүргөн кызды таап ата-энесине өткөрүп беришти

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап ата-энесине жеткиришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү болжол менен саат 19:20 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2013-жылы туулган М.М. аттуу кичинекей кыз үйүн таппай адашып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, кичинекей кызды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирип беришкен.

Ал жерден кыздын жашаган дареги аныкталып, ата-энеси чакыртылып, апасына аман-эсен өткөрүп беришкен.
Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: