super.kg logo

"Тасма, клип тартууга эң мыкты аймак". Ош шаары индиялыктардын кызыгуусун жаратты

 

Ош шаары Болливуд тасмалары үчүн эң мыкты аймак боло алат. Мындай пикирин Индиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Алок Амитабх Димри Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Анда тараптар биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу тууралуу талкуулашты.
"Мен Ош шаарын аябай жакшы көрөм, бул жакка бешинчи жолу келип жатам. Бул жерге келгенде өзүмдү жергиликтүү тургундай сезем. Биз шаардын, анын ичинде социалдык жана маданий чөйрөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даярбыз. Кыргыз өлкөсүнүн түштүк тарабынын уникалдуу жаратылышы, тоолуу ландшафттары жана шалбаалары, көлдөрү жана сонун аба ырайы көчмөндөр маданияты менен айкалышып, Болливуд кинотасмалары жана клиптери үчүн мыкты талаа боло алат. Индияда абдан популярдуу болгон "Турбааз" тасмасы Кыргыз жергесинде тартылган", - деди элчи.
Ошондой эле элчи билим берүү жаатында ITEK техникалык алмашуу программасынын алкагында, Индия тарап келечектүү жаштарды билим берүү долбоорлору менен колдоого даяр экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Замир Юсупов Ош шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдоого даяр экендигин баса белгиледи.
"Биз Ош шаарына Индиянын киноиндустриясынын долбоорлорун тартуу боюнча долбоорлорду карап чыгууга даярбыз", - деди вице-мэр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
13.03.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Онуго бер Ош шаарым .соонун жанылык экен .
13.03.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Турбааз деген кинону каяактан тапса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: