super.kg logo

Бишкекте 9-кабаттан кулап түшкөн 18 жаштагы жигитке операция жасалды

 

Бишкекте 18 жаштагы жигит курулуш иши жүрүп жаткан имараттын 9-кабатынан кулап түшүп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканы маалым болгон. Окуя 1-мартта Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө катталган.

12 күндөн бери ооруканада жаткан бейтаптын абалын билүү үчүн Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалымат кызматына байланыштык.

"18 жаштагы бейтап ичинен жабык жаракат алган, боорунун оң жагы, жоон ичегиси жарылып, ичине кан куюлган, гематома, көтөн чучуктан жаракат алган. Баш мээси чайкалган. Ага операция жасалып, боору тигилген. Дагы операция жасалары күтүлүүдө. Учурда бейтап хирургия бөлүмүндө жатат", - дешти мекемеден.

Эске салсак, Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө 14 кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан жумушчу кулап түшкөнүн Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2021. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуп,басып кетсин,омиин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: