super.kg logo

"Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай кирип жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт" дейт өкүлчүлүк

 

Кечээ, 11-мартта Ак-Турпак айылынын тургуну Абдыманап Турсуматов аттуу жаран атайын идиштерде сакталып турган мунай заттарын көрсөтүп, аталган аймакта нефти бар деген видео маалыматтарды тараткан. Бул аймак Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы Чоң-Гара-Галча жерлиги экенин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда ал жерде идиштерде сакталган суюктук, жер астынан сордурулган чийки мунай. Буга чейин мамлекет тарабынан аймакта мунай кенин аныктоо максатында, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Ата Мекендик “Глав нефти” компаниясына лицензия берип, аталган аймакта нефтинин запасын аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргөн.

"Аталган компания Кытай мамлекетинен бул тармакта тажрыйбалуу адистерди алып келип иштеткен. Бирок изилдөөлөр аягына чыккан эмес. 2019-жылы компания ишин токтоткон. Анткени буга чейин аталган аймакта Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан Республикаларынын ортосунда делимитация жумуштары аяктаган менен, Союз мезгилинде Өзбек Республикасына таандык «Фергана Нефти» ишканасы 1950-жылдан, 2011-жылдын 21-майына чейин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиктен объекттер Кыргыз өлкөсүнүн карамагына өтө электигине байланыштуу бир катар маселелер жаралып, ата мекендик нефти изилдөөчү компания ишмердүүлүгүн токтоткон.

Объекттерди Кыргыз өлкөсү карамагына өткөрүп алуу боюнча чек араларды делимитациялоо тууралуу өкмөттөр аралык комиссияга бир канча жолу маселе коюлуп келет. Дагы бир ирет белгилеп кетсек, ММКда жана социалдык тармактарда Баткен облусу аркылуу Өзбекстан менен Тажикстанга мыйзамсыз мунай (газ) кирип жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ак-Турпак айыл аймагындагы Өзбекстанга таандык болгон газ сактоочу жайлар иштебейт, учурда ал жайларда газ жок экендиги тийиштүү органдар тарабынан аныкталган", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.03.2021. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал жерде нефть бар бирок ото эле аз кытайлар келип кеткени чындык, ал жер 2-3 жылдан бери эч ким иштетпейт, иштеткенден пайда жок нефть ото эле аз деп келишет
13.03.2021. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда кыргыз тарап жабыш керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: