Баткенде эки айыл ортосундагы өспүрүмдөрдүн ынтымагын бекемдөө максатында спорттук иш-чара өттү







Баткен облусунда Кадамжай РИИБинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, район борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айыл аймагынын Кан айылында өспүрүмдөр арасында спорттун волейбол, футбол түрү ойнотулган.
"Бул оюнга Кыргыз-Кыштак айылынын Мыйман Миталипов атындагы толук эмес мектеби, Ташыбек Тургунов, №72 кесиптик лицейи жана Кан орто мектебинин 9-10-11-классынын мектеп окуучуларынын ортосундагы спорттук оюндар кызуу өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты эки айыл ортосундагы өспүрүмдөрдүн достук ынтымагын бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулук, суицид, укук бузууларга бөгөт коюу.
Белгилей кетсек, Кадамжай РИИБинин кызматкерлери мындай саамалыкты жыл сайын уюштуруп, өспүрүмдөр арасындагы профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп тургандыктан, 2021-жылдын 2 ай аралыгында өспүрүмдөр катышкан кылмыштуулук катталган эмес", - деп жазылат маалыматта.

