super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Каркыра унаа жолу" бекети 1-апрелден тарта иштеп баштайт

 
Казак тараптын демилгеси менен "Каркыра унаа жолу" өткөрмө пункту 1-апрелде ишин улантат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө пункту саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Андан жарандар, транспорт, товар жана мал жандыктары өткөрүлөт.
"Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстандагы карантиндик жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргыз жарандары жана чет элдиктер коңшу өлкөгө кирерден мурун казак тараптын чектөөлөрү менен кабардар болуусу керек", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Каркыра унаа жолу" жана "Кеген унаа жолу" бекеттери 1-мартка чейин жабылган.

"Каркыра унаа жолу" Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Ал көп тараптуу автоунаа өткөрүү пункту болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: