Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү май бир айда 11,5 пайызга кымбаттаган (статистика)
Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Ага ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыгы чыккан.
"11-мартка карата АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май орто эсеп менен 42,63 сомду түзүп, өткөн жылдын февраль айынын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөн. Ал эми дизель майынын баасы 40,87 сомду түзүп, 7,2 пайызга жогорулаган.
Ошол эле учурда АИ-92 күйүүчү майынын чекене баасы орточо республикалык көрсөткүчтөн Баткен (бир литр үчүн 47,12 сом), Исфана (47 сом), Кербен (44,37 сом), Ноокат (43,80 сом), Ош (43,43 сом), Кара-Суу (43,20 сом), Өзгөн (42,90 сом), Жалал-Абад (43 сом) шаарларында жогору болуп турат. Ал эми минималдуу баалар Кара-Балта шаарында (бир литр үчүн 40,83 сом), Покровка айылында (40,90 сом) жана Нарын шаарында (41 сом) катталды.
Дизель майы дагы өлкөнүн түштүк аймагында орточо көрсөткүчтөн кымбатыраак сатылып жатат. Мындагы айдоочулар дизель майын 41,20 сомдон тарта 46,10 сомго чейин алууда", - деп жазылат маалыматта.




1 |