Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 13-мартка карата аба ырайы
Эртең, 13-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз +4…+9;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз +6…+11;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…-3, күндүз +6…+8 градус болот.

