
Нарын облусунун акимдеринин жана орун басарларынын билим деңгээлин сыноо үчүн аттестация болуп өттү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-мартта райондордун акимдерин аттестациялоо иши жүрүп, жыйынтыгы чыкты.
"11-март күнү Нарын облусундагы бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер жана алардын орун басарлары Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан уюштурулган конкурстук тестирлөөгө катышып, дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү өтүштү", - деп билдирди аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы.
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев расмий маалымдаган.
"Тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эшмухаммед уулуна, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурбек Сатаровго жана Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Элмира Садыковага "ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызматынан көтөрүлүүгө сунуш кылынат жана кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилет" деген чечим чыгарылды.
Ошол эле учурда Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Залкарбек Бозбалаевге, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Динара Жунусовага жана Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ишенбек Муканбетовго “ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт” деген чечим угузулду. Ал эми калган акимдер жана алардын орун басарлары ээлеген кызмат ордуна шайкеш келери айтылды", - деп билдиришти мекемеден.