super.kg logo

"Таштанды үчүн ачуусу келип". Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районунун тургундарынын көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Улукбек Марипов пландан тышкары борбордук базардын жанына токтоп, продукциялардын баалары жана сунушталган ассортимент менен таанышкан.

"Азык-түлүк жана мунай зат бааларынын кымбатташы - бул дүйнөлүк тенденция. Баалар дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө өсүп жатат жана биздин өлкө дагы мындан четте калган жок. Импортко көз каранды болбош үчүн эң көп талап кылынган тамак-аш азыктарын, атап айтканда, өсүмдүк майын жана шекерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Биздин максатыбыз - дыйкандарга келечекте өз продукциясы менен ички рынокту камсыз кылыш үчүн колдон келишинче колдоо көрсөтүү. Биз дыйкандарга бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Дизелдик отун маселеси чечилди, дыйкандар керектүү өлчөмдө камсыз болот", - деген Марипов.

Андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан. Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район акимине сөгүш жарыялаган.

Мындан тышкары, өкмөт башчы ачуусу менен бир күндүн ичинде аймакты таштандыдан тазалоону тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.03.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин чөңдор только таштандыга көңүл бурганды билишет КР нын финансы маселесин чечкенге баштары жетпейт баарын
13.03.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанды кыдыргандан пайда жок бар жок жерде акыбал начар андан коро чет олкодон арзан товар алып келгени суйлошкону бар
13.03.2021. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таштанды тан калычтуу эмес,бардык жерде окшош.Андан коро азык тулук ото кымбаттап жатат, элге пайда бере турган жагын карасынчы окмот...
13.03.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таштандыны жергиликтуу тургундун сунушу деп жатпайбы.жогорудагылар.Прдукта баардык жерде эле кымбат.
13.03.2021. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улукбек Асмаидинович мен сурандым эле Араван районунун Керме Тоо айыл өкмөтүнө келип курттап кеткен суудан чай ичип кетчи деп келбедиң. Касам урган
13.03.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон келишинче деп уялбай айтыптыр... Колдон кантип эле келбей калсын,жеп ичип жүргөн колуңардан келет, анан эле ишке келгенде колуңардан келишинче болуп калабы. Колуңардан келишинче эмес эле келтиргиле. Болду эми жетет жегениңер,ичкениңер тууган уругуңардан бери мал мүлккө жеттиңер. Элге да кызмат кылгыла атайын шайланып алгандан кийин...
AykaMer түзөттү 2021-03-13 22:44:00
13.03.2021. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле мусор дөң болуп кетиптир го, жакын жашагандар деле тазалатып койсо болмок. Акчасын төлөбөй калсан каккылап келишет, ошондо жалоб кылышпвйбы, бизге окшоп биринчи тазала анан төлөйм деп.
14.03.2021. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол таштандыны деле эл өзү таштайт да бөлөк айыл же шаардан алпарып таштабаса керек өзүлөрү эле порядкалап алышса болот да. Бөлөк мамлекеттерде продукты мынчалык кымбат эмес бизде эле. Жакында баарын өзүбүз айдап калат окшойбуз анда да налогу тажатат да налок кымбаттайт кыскасы биздин өлкөдө карапайым эл бизнес кылып алдыга жылганга эч мүмкүнчүлүк жок.
14.03.2021. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чет жака президент чыгып жатпайбы.Марипов туура кылып жатат Кыргызстанды кыдырып көйгөйлөрдү көрүп.Эми иштешет кудай буюрса.Убакыт бериш керек бир эки жыл.Кечээ бийлике келишсе,бүгүн не иш кылдың дебей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: