Бүгүн гимндин музыкасынын авторлорунун бири, композитор Насыр Давлесовдун туулган күнү
Бүгүн, 15-март кыргыз-совет композитору, дирижёр жана педагог Насыр Давлесовдун туулган күнү. Ал 1929-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган.
Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер(1967), Кыргыз ССР Эл артисти(1974).
Бала чагында гармондо, мандолинада, комузда ойноп, алардын коштоосунда ырдаган. 1945-жылы Фрунзедеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын, 1949-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын дирижёрлук классында окуган. 1958-1962-жылдары Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик эл аспаптар оркестринин дирижёру, 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижёру, бир эле мезгилде В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1968-жылы Ленинграддын Киров атындагы опера жана балет театрында сыноодон өтүп, "Дон Кихот" балетине дирижёрлук кылган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1978-жылдан профессор, 1983-1985-жылдары кайрадан Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр, 1985-1994-жылдары КММИнин эл аспаптар кафедрасынын башчысы. Анын чыгармачылыгына кыргыз фольклору менен терең байланыш, музыкалык-композиторлук каражаттарынын таасындыгы жана жергиликтүүлүгү мүнөздүү.
Давлесов солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн "Биздин жер тууралуу ыр" (1957) кантатасынын "Түбөлүк даңк" апофеозунун(1967), 300дөн ашык ыр, романс жана хорлордун, "Айкөл Манас" аспаптык чыгармасынын(1993), 14 кантатанын жана башка автору. "Тактеке" симфониялык бийи(1958), вокалдык-симфониялык "Селкинчек" сүрөттөмөсү, "Чолпонбай жөнүндө баллада"(А.А.Александров атындагы күмүш медалга арзыган), "Аста-секин, колукту" музыкалык комедиясы(1979), "Элес" симфониялык поэмасы(1988), "Курманбек" операсы(1979, либреттосу Ж.Садыковдуку), "Жаштар кантатасы"(1978), "Колоратуралык үн үчүн концерт"(1985), "Скрипка үчүн каприччио"(2005), "Марш жана патриоттун ырлар" (2006) жана башка чыгармалары кеңири белгилүү.
Кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн "Токтогулдун күүлөрү" сюитасын жана башкаларды жазган. "Айнаш", "Саанчы жеңе", "Кыргыз жери" жана башка ырлардын, "Суусамыр өрөөнүндө", "Комуз күүсү" аттуу даректүү фильмдердин музыкасынын автору, П.Чайковскийдин "Евгений Онегин", Ж.Вердинин "Аида", М.Абдраевдин "Олжобай менен Кишимжан" операларын, К.Молчановдун "Макбет", Ж.Пуччининин "Богема", А.Хачатуряндын "Спартак", С.Прокофьевдин "Ромео жана Жульетта", М.Раухвергердин "Чолпон" балеттерин жана башка бир катар классикалык спектаклдерди койгон жана дирижёрлук кылган.
- Кыргыз Республикасынын гимнинин музыкасынын авторлорунун бири (1992).
- Республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын "Ырдоо", "Музыка" окуу китебин (Аманбаев, Койгелдиева менен бирге) жазган.
- 1999-жылы Кемин районунун Кемин шаарчасындагы №3 орто мектепке ысымы берилген.
- Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты(1978), "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, I, III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.
