super.kg logo

"Утушка батир койгон". Бишкек шаардык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжелика мыйзам буздубу?

 
Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжеликанын шайлоо эрежесин бузду делген видеосу социалдык тармактарда жарыяланды. Анда анын видеосу үгүт иштерин эрте жүргүзүү жана шайлоочуларды сатып алуу катары бааланууда.
"Наш народ" партиясынан шаардык кеңешке талапкер Анжелика Кайратова үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн Инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батирди утушка коюп, утуш оюнун ойноткон.

Талапкер Анжелика "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 28-бөлүмүн бузуусу божомолдонууда. Анда шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары жазылат.

1) Акча төлөп берүү;

2) Белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;

3) Товарларды жеңилдетип сатууну жүргүзүү;

4) Бардык товарларды акысыз таратуу;

5) Кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканда, ал бул тууралуу маалымат аларга келип түшкөнүн билдирди.

"Бул маалыматты текшерүү үчүн атайын топ түзүлүп, иштерди алып барууда. Учурда чечим чыга элек", - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
15.03.2021. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Только не она ...опять она
15.03.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кыз кысчуу жерин кысыып эле жүрбөйбү деймин да каерде болбосун ызы чуу бул жүргөн жерге чөп чыкпайт го
15.03.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апеей бул кыз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө канча жыл болгонун билбейт эле, денгелине карап эле иш жасабайбы.
15.03.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчаң болсо калтаңда каалашыңча талтаңда талтаңда болуп жатат да
15.03.2021. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖК депутаттарынын акылы жетпейт анан каяктагы артисттин мээси иштеп кетеби?! Эптеп үй берип болсо да өтүп алайын деп чуркап жүргөндөгүсү го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: