super.kg logo

Бүгүн Камчыбек Ташиев тажик тарап менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрөт

 

Бүгүн тажик тарап менен чек арада дагы бир жолугушуу башталат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы Абдусалом Азизов менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча азырынча жолугушпайт.


"2021-жылдын 15-мартынан 18-мартына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Ходжент шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги жыйыны болору күтүлүүдө.
Кыргыз делегациясын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы, УКМКнын башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жетектесе, тажик тараптан ушундай эле комиссияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектейт.

Эки тарап чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары эки тараптуу кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин талкуулоону пландаштырышууда. Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттери эки мамлекеттин коопсуздугуна болгон заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.03.2021. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бензин откорбой кысып туруп анан маселени чечкени жаткан го жолдош Ташиев.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: