super.kg logo

Нарында аттестациядан өтпөй калган жетекчилердин тагдыры эмне болот? Тийиштүү мекеменин жообу

 

Буга чейин Нарын облусунун акимдеринин жана орун басарларынын билим деңгээлин сыноо үчүн аттестация болуп өткөн.

Жыйынтыгында Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким Залкарбек Бозбалаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Динара Жунусова жана Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Ишенбек Муканбетов аттестациядан өтпөй калышкан.

Мындан сырткары, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары дагы аттестациялоонун биринчи этабынан кийинки бөлүгүнө катышууга мүмкүнчүлүк албай калганын кошумчалашты.

Учурда жогоруда аты аталгандар жетекчилик кызматта тагыраагы, өз ордуларында иштеп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Комиссиянын чечими премьер-министр Улукбек Мариповго кароого жиберилди. Алардын кызмат ордунда калаары же жумуштан кетерин премьер-министр чечет", - деп билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.03.2021. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын несин карашат өтпөй калса билими жетпесе кетиш керек го башка адамдар толтура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: