Бишкекте аскерде кызмат өтөп жаткан 12 жоокер кургак учук жугузуп алды
Кыргыз өлкөсүнүн коргоо күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 12 аскер кургак учук дартын жугузуп алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, маалыматты такташты.
Маалыматка ылайык, факты боюнча Коргоо иштери мамлекеттик комитетинин Аскердик медициналык башкармалыгы эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, оорунун болжолдуу булагын аныктаган.
"Жоокерлер Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы ооруканада зарыл дарылануудан өтүшүүдө. Учурда оорунун жайылышын алдын алуу үчүн өздүк курам рентгенге тартылган. Окуянын жагдайын жана оорунун келип чыгышына күнөөкөрдү аныктоо максатында кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kadyrova_

15.03.2021. 16:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте болота тамактары начар жаткан жерлери суук болсо.Кыргызстанда бир жыргатаарлык жанылык болбой калдыго байкуш бул балдарда карапайым элдин балдарыда оно 120 кой чимкириктердин балдарына жугузуш керек ошондо шарттар онолот.же лабараторялары жакшы иштебейт бирөөсүндө болгон кантак болуп кеттида бул палочка аба аркылуу жугуп бүттү баарына.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.