Мирлан Жээнчороев Бабанов негиздеген "Республика" партиясынан чыгып кеткени айтылууда
Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынан чыгып кеткени айтылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Жээнчороев партиянын лидерлигин тапшырып берди. Эми депутат башка партия менен парламенттик шайлоого аттанышы мүмкүн.
Аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Эске салсак, Жээнчороев "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал 2019-жылы "Республика" партиясынын лидери болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.