super.kg logo

Садыр Жапаров Орусиянын агартуу министри менен билим берүү чөйрөсүндөгү тармак тууралуу сүйлөшүштү

 

Бүгүн, 15-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз-Орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусиянын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Орусиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Орусия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди.

Ал Орусияга болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул багытта маселени иштеп чыгуу боюнча буйрук берилгенин кошумчалады.

Президент Кыргыз мамлекетинде орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу, түзүү жана иштетүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгын өзгөчө белгиледи. Бул планды ишке ашыруу биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерин түзүү, куруу жана иштетүү шарттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет деп кошумчалады.

Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады.

Сергей Кравцов ошондой эле билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда улуттук компонентти - улуттук тилди, өлкө тарыхын жана каада-салтын эске алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Бул багытта тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргыз мамлекетинин мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Сергей Кравцов Кыргыз өлкөсүнөн айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи.

Мындан тышкары Орусиянын агартуу министри президент Садыр Жапаровго эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

Президент Садыр Жапаров эки министрликтин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артарын айтып, Орусиянын президенти Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системин колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: