Нарын шаарында "селсаяк" аталыштагы иш-чарада 5 кылмыш ишинин бети ачылды





Нарын облусунун аймагында селсаяктардын жана туруктуу баш калкалоочу жайы жок адамдардын суукта көчөдө тоңуп өлүп калууларын алдын алуу максатында "Селсаяк" аталышындагы ыкчам профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 5 кылмыштын бети ачылып азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары Нарын облусунун шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн алдын алуу каттоосунда турган жарандар текшерүүгө алынды.
Жер-жерлерде соода-сатык түйүндөрү, менчик мейманканалар жана конок үйлөрү, жылуулук түйүндөрү, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары, жер төлөлөр жана башкалар милиция кызматкерлери тарабынан текшерилди.
Облус аймагында эч кандай кароосуз калган жарандар аныкталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.