Буга чейин Бишкекте катталган. Жалал-Абадда кудуктун темир капкактары уурдалды







Жалал-Абад шаарындагы Манас кең көчөсүндө жолдун эки тарабында суу канал башкармалыгына таандык кудуктун темир капкактары уурдалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, учурда унааларга ыңгайсыздыкты жаратпоо жана адамдардын коопсуздугу үчүн уурдалган капкактардын ордуна башкасы коюлууда.
"Эгерде кимдир-бирөө темир капкактардын уурдалганын көргөн болсо же темир алуучу жайлар алган болсо 105, 0551000105 номерлерине байланышып коюңуздар. Уурдаган тараптарга мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын ички жолдорундагы кудуктардын темир капкактары көп уурдалып жатканы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.