Насыя эмес. Сабырбек Жумабеков Катар мамлекети 9 кабаттуу оорукана курууга каражат бөлгөнүн айтты
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун 9 кабаттуу жаңы имараты курулат. Буга Катар мамлекети каражат бөлгөнүн академик Сабырбек Жумабеков айтты.
Айтымында, 15-мартта Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушуу орун алды.
"Жолугушуу учурунда элчи Катар өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун тогуз кабаттуу жаңы, заманбап технологиялар менен жабдылган имаратынын курулушуна 9 миллион 240 миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражат 100 пайыз грант түрүндө берилет. Насыя эмес, кайтарбайбыз. Элчи курула турган борбордун аянтын көрүп, курулуш иштеринин тез арада башталышына кызыкдар экенин белгиледи. Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин кошумчалады. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Катар элчилиги тарабынан өткөрүлүп, курулуш иши аяктаганга чейин Катар мамлекети көзөмөлгө алат.
Ал эми жер, документтер жана башка кагаздар мэрия тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эрте бүтсө, курулуш да эртерээк башталат", - деди Жумабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
10

Комментарийлер(4)
Aimani

16.03.2021. 00:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото соонун! жакшы оборудование менен жабдыктап иштетип беришсе.Же адатынча биздикилер баса калып талап тоноп кетишеби?
Kudi

16.03.2021. 01:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Докментти тез бүтүрүп бергиле куруп койсо көтөрүп кетмек беле бизге эле жакшы
Sajakat14

16.03.2021. 01:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жаңылык экен!
bekbol2006

16.03.2021. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.