Жарандык активист Тилекмат Куреновдун үйүнө тинтүү жүргүзүлдү
Бишкекте кармалган жарандык активист Тилекмат Куреновдун үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди. Ал эми Тилекмат Куреновдун жакындары тарабынан тартылган видео интернетке тарап, анда тинтүү жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин бири видеого тартып жаткан айымды байкап калып, тоскоолдук жараткан.
Жеңиш Молдокматовдун айтымында, Тилекмат Куренов социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалды. Саясатчы протоколго кол койгондуктан көп нерсе айта албай турганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эфирге чыккан учурда билдирди.
Буга чейин Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде дагы тинтүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.