super.kg logo

Биринчи вице-премьер акыркы 2 жарым айдын ичинде мектептерде 3 өрт кырсыгы катталганын белгиледи

 

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган кеңешме билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыгынын келип чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Новиков белгилегендей, өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби катары өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жүргүзүлбөгөндүгү саналат.

"Акыркы 2 жарым айдын ичинде мектептерде үч өрт кырсыгы катталган. Тармактык түзүмдөрдүн чубалгыларды жана трансформаторлорду тыкыр көзөмөлдөөдөн тартып, калк арасында натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дейре ырааттуу өз ара аракеттешүүсү зарыл", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр окуу процессин тез арада жандандыруу максатында тийиштүү тармактардын өрттөн кийинки кесепеттерди жоюу жана зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал өрткө каршы талаптарга ылайык келүүсүн ыктыярдуу моюнга алуу принцибин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгууну тапшырды. Бул өз кезегинде турак жайларды жана коммерциялык объектилерди пайдаланууда жана курууда жарандардын жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: