Садыр Жапаров менен "Japan DX" компаниясынын башкарма мүчөсү инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулашту
Президент Садыр Жапаров "Japan DX" япониялык компаниясынын башкарма мүчөсү Сожи Сузукини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Минералдык ресурстарды жана жер казынасын пайдалануу жаатында инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү минералдык ресурстарга бай өлкө экенин жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген инвесторлор тоо-кен тармагында иштеп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, тоо-кен тармагына инвестицияларды тартуу Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан өлкө жетекчилигинин - инвесторлордун ишине тоскоол болгондор жоопко тартылат, ошондой эле инвесторлордун укуктары жана мүлкү максималдуу корголот деген так позициясы бар.
Ошол эле учурда технологияларды колдонуу менен пайдалуу кендерди казып алууда коопсуздукту толук камсыз кылуу зарыл.
Садыр Жапаров баса белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү максат кылып, санариптештирүүгө өзгөчө маани берүүдө.
Мындан тышкары президент санариптик компетенттүүлүктү жогорулатуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасын санариптештирүү, электрондук коммерцияны жана жогорку технологияларды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгиледи. Буга байланыштуу ал Япония менен түрдүү багытта тыгыз кызматташууга, анын заманбап технологияларды колдонуудагы алдыңкы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Өз кезегинде "Japan DX" компаниясынын башкарма мүчөсү Сожи Сузуки санариптик технологияларды өнүктүрүү Кыргыз мамлекети сыяктуу өлкөлөр үчүн абдан маанилүү экенин айтты.
Анын айтымында, тоо-кен казуу иштеринде "жер казынасын акылдуу пайдалануу" деп аталган жаңы системди киргизүү, башкаруу процесстерин кыйла оптималдаштырууга жана өндүрүш чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле көзөмөлдү күчөтөт.
Сожи Сузуки жасалма интеллект, блокчейн жана киберкоопсуздук элементтерин колдонуу керектигин, бул инвесторлор үчүн өзгөчө маанилүү критерий болуп саналарына токтолду.
Ал дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча компаниянын чоң тажрыйбасын баса белгилеп, бул багытты өнүктүрүүдө Кыргыз өлкөсүнө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров инвесторлор үчүн Кыргыз мамлекетинин эшиги ар дайым ачык экендигин баса белгилеп, Сожи Сузукини башка долбоорлорго дагы инвестициялоого чакырды.
