super.kg logo

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата колл-борбору иштеп жатат

 

Борбордук шайлоо комиссиясында 1255 кыска номери аркылуу колл-борбору иштеп жатат. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, телефон чалуу акысыз. Түз байланыштын ишмердиги алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум маселелери боюнча маалымат берүү жана консультация берүүгө багытталган.

Колл-борбордун операторлорун тандоодо БУУнун ден соолугунун кемтилгеси бар адамдардын жана майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенциянын эмгекке жана ишке болгон жоболору эске алынган. Ошондой эле ушул категориядагы калк үчүн инклюзивдүү шайлоо процессин өркүндөтүү да эске алынган.

Колл-борбордун операторлору болуп мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, аялдар, жаштардын өкүлдөрү жана түрдүү этникалык топтордун өкүлдөрү иштешет. Алар атайын даярдыктан өтүшүп, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоого жана референдумга катышуунун тартиби жөнүндө суроолорго жооп бере алышат.

Колл-борбордун иш графиги 9:00дөн 18:00гө чейин дем алышсыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: