super.kg logo

Бишкекте сууктан улам тоңуп калган үй-жайсыз 31 жаран “Коломто” муниципалдык жайына жайгаштырылды

 

Бишкек шаарында суукта туруктуу жашаган жери жок жарандарга жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам калаа аймагында туруктуу жашаган үй-жайы жок жарандардын, өзгөчө түн ичинде көчөдө суукта тоңуп же үшүп калып калган фактылары көп катталууда. Бул боюнча “102” кызматына жарандар тарабынан көп кайрылуулар келип түшүүдө.

"Ошол себептүү туруктуу үй-жайсыз калган жарандарга милициянын кайгуул кызматы жардам көрсөттү. Эки сутка ичинде алардын убактылуу баш калкалаган жерлеринен, көчөлөрдө тоңуп калган жеринен, жер астындагы ысык суу өтчү суу түтүктөрүндө баш калкалаган жеринен, ошондой эле кабат үйлөрдүн астындагы подъезде жана чоң көпүрөлөрдүн астында убактылуу баш калкалаган 31 үй-жайсыз жарандарды аныктап, аларды “Коломто” муниципалдык жайына жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ысык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардамдарды ала алышат", - деп жазылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы үй-жайсыз калган жарандардын көчөдө үшүп же тоңуп калган фактыларын байкаса дароо “102” кызматына кабарлоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: