super.kg logo

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу чектөө киргизилди. Кайсы көчөлөргө?

 

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө жол оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

"Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык, борбор калаанын көчөлөрүн оңдоого киришти.

Бүгүн оңдоо иштерине Шевченко көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн баштап Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүгү кирди. Оңдоо иштерине байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы чектелет, алдын ала божомол боюнча жумуштар ушул жайда бүтөт.

Эртең оңдоо иштерине кирчү көчөлөр:

• Левоневский көчөсү, Л.Толстой көчөсүнөн баштап Асаналиев көчөсүнө чейин;
• Каховская көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн баштап Кривоносов көчөсүнө чейин.

Учурда аталган эки көчөдө даярдык иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Исакеев көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн баштап Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери башталган. Буга байланыштуу аталган бөлүктө унаа кыймылы чектелген.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен бара жатканда, маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылы "Бишкекасфальтсервис" ЖКнын узундугу 16 жарым чакырым болгон 27 көчө бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектен башка шаарлар жокбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: