Ошто түнкү клубдарда жана оюн-зоок мекемелеринде жашы жете элек балдарга карата рейд жүрүп жатат (сүрөт)














Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, ИИМдин Ош шаарындагы башкармалыгынын кызматкерлери, социалдык органдардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистери менен биргеликте “Кароосуз Калгандар” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар башталды. 15-марттан 17-мартка чейинки иш-чарада шаар аймагындагы түнкү клубдар, оюн-зоок мекемелери текшерилип, жашы жете элек балдар аныкталса үй-бүлөсүнө же туугандарына кайтарылып берилет.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын маалыматы боюнча, иш-чаралардын негизги максаты ата-энесинин камкордугу жок калган балдарды же кароосуз калган балдарды аныктоо, алардын андан аркы социалдашуусун колдоо болуп саналат.
Рейддин жүрүшүндө 20дан ашык оюн жайлары, кальян барлары текшерилип, кароосуз калган жер төлөлөр менен чатырлар, жылуулук трассалары менен гараждардын бөлүктөрү текшерилип, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды аныкташты.
Анда 20 өспүрүм аныкталды, алар Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди. Мындан тышкары өспүрүмдөргө жана ата-энелерге түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз коомдук жайларда балдар жүрбөш керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
