УКМК: "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды"



2021-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, ИИМ менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагыраагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталган.
"Бул фактыдагы материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси ("мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Кармалган адамдар Талас облусунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
