super.kg logo

"Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы сулуусу" наамын алган Баяна: "Мекенимдин атын чыгарсам дейм" (маек)

 

Буга чейин Москвада "Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы сулуусу" аталышындагы сынак болуп өткөн. Сынактын жеңүүчүсү болуп 20 жаштагы Баяна Бакытбек кызы табылып, ага "Дүйнө сулуусу-2021" сынагына жолдомо ыйгарылган.

SUPER.KG порталы жеңүүчү кыз менен маектешип, алдыдагы пландары тууралуу кеп кылды.

- Сыйлык кут болсун, Баяна! Алгач эле өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Мен Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Саргата айылында жарык дүйнөгө келгем. Атам ширетүүчү болуп эмгектенет, апам болсо тигүүчү. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Орусияга үй-бүлөбүз менен бир жыл мурун көчүп келгенбиз. Учурда Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун 3-курсунун студентимин. Москвага көчүп келгенибизге байланыштуу сырттан окуу бөлүмүнө которулууга туура келди.

- Бул сынакка кандайча катышып калдыңыз?
- Мындай сынактарга катышуу менин кыялым болчу. Тааныш кызым "катышып көрбөйсүңбү" деген сунуш менен Инстаграм социалдык тармагындагы жарнаманы жөнөтүп калды, мен ал баракчага кайрылып, анан катышып калдым.
- Алдыда кандай максатыңыз бар?
- Буга чейин тил үйрөнүп, дүйнө жүзүнө саякаттасам деген максаттарды койгом. Ал эми сынакка катышкандан кийин пландарым бир аз өзгөрдү, учурдагы максатым "Дүйнө сулуусуна" катышып, Таиландга барып Кыргыз өлкөмдүн атын чыгаруу болуп саналат.
- Мекенге кайтып келип моделдик кесипти баштайм деген ойлоруңуз барбы?
- Негизи андай ойлорум бар, бирок азыр алдыга койгон пландарым башка, ошол пландарымды ишке ашырсам калганын убакыт көрсөтөт. Ата-энем болсо мен кызыккан нерсеге ар дайым колдоо көрсөтүп турат.
- Жеңүүчү кандай талаптардын негизинде тандалды?
- Бул сынак калыс өттү деп айтсам болот. Калыстардын тобу бир эле кыргыздардан түзүлгөн жок, орус элинин көрүнүктүү адамдары дагы катышты. Талаптар көп болчу таланттан баштап, бардык нерсени карап, анан жыйынтык чыгарышты. Калыстар тобунун туура чечим чыгарганына жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
16.03.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татынакай кыз экен,ийгилик..
16.03.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аял затынын сулуулугу - көздү жаркыраткан, жүрөктү жылыткан нерсе. Аялдын сулуулугу негизги баалуулуктардын бири, сулуулугу жок аял заты коом учун кызыктуу болбой калат. Баяна абдан келбетуу экенсин.
16.03.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карындаш ийгилик каалайм, бирок подиумга жарым жылаңач болуп чыкпа!!
16.03.2021. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
mirlanpiter,
Кыздардын денесинен коркой эле кой. Сени жеп жибербейт. Тескерсинче фигурасын карап, суктанган мырзалар коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: