Mуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыгарылды
Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчисинин бөгөт чарасы 11-мартта Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыккан.
Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
12-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен башкы эсепчи 10-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган болчу.
10-февралда УКМК муфтияттын башкы эсепчиси өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганын маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Эх атан окунучтуу. Баары чала молдо болуп бутушуптур. Диндин баркын кетирген да ушул чала молдолор. Мусулманбыз дешет, бирок Кудайга ишенип, адамдык сапатты кармагандар жок чынында. Баары сырткы келбетин эле озгортуп алышат, анан эле даават уйротумуш болушуп, ички ойлорунда эмне бар экенин билбейсин. Озгочо саясат менен дин аралашып кеткенде, дин эч качан руханий боло албайт, баркы кетет.