Лейлекте мектепте окубай калган 2 өспүрүм аныкталды




Баткен облусунун Лейлек районунда мектепте окубай калган 2 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек РИИБинин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери калк арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана район аймагындагы кароосуз калган балдарды аныктоо максатында иш-чара жүргүзүшкөн.
"Мындан сырткары, Исфана орто мектебинде мектеп окуучуларына укук бузуулардын алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Лейлек районунун аймагында мектепте окубай калган 2 өспүрүмдү аныкташып, керектүү материалдар чогултулду. Ал эми кароосуз калган өспүрүмдөр аныкталган жок", - деп айтылат маалыматта.


1 |