super.kg logo

25 миллион долларга чейин. Бүткүл дүйнөлүк банк коронавируска каршы вакцина алуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө каражат бөлөт

 

Кыргыз өлкөсүнүн коронавируска каршы вакцина алуусуна Бүткүл дүйнөлүк банк каражат бөлөт. Дүйнөлүк банктын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви 20 миллион доллардан 25 миллион долларга чейин каражат берилерин кабарлады.

Маалым болгондой, дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатка кандай вакцина алынарын Кыргыз тарап чечет. Бирок алына турган вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылышы зарыл.

Ошондой эле дүйнөлүк банк аралыктан окутуудагы кемчиликтерди жоюуга багытталган "Бардыгын үйрөнүү" долбоору үчүн 50 миллион доллар бөлөт.

"Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргыз өлкөсүндө жалпы суммасы 763 миллион долларды түзгөн 24 долбоорду ишке ашырат. Анын ичинен 100 миллион доллардан ашыгы буга чейин сарпталган. Соңку 5-6 айдын ичинде саясий процесстерге байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу басаңдаганы байкалды", - деди Навид Хасан Накви.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: